28-декабрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине "Жалпы иш" коомдук фондунан маалымат түшүп, анда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Октябрь айылында Аскар Эргешов атындагы көчөдө белгисиз адамдар КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаров үчүн агитация жасоо менен бирге паспорттук маалыматтарды жыйнап жүрүшкөндүгү айтылат. 28.12.2020-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Базар-Коргон АШКна билдирилди.
ЫАККТ БШК
Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-462
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg