ЫЧКТ кабарлайт: Саясий партия жөнүндө видео тартууга катышуу үчүн адамдарды чогултуу боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу Фейсбукка У.Абылкасымовдун Ош шаардык муниципалдык бөлүмдөрүнүн башчыларынын бири В. Призова WhatsApp аркылуу Ош шаарындагы кварталдык комитеттердин төрагаларына кайрылып, иш-чарага катышуу үчүн ар бир комитеттен 10 кишинин келишин камсыздоону тапшырдыгы тууралуу маалыматы жарык көргөндүгү боюнча маалымат алган.

Элдин чогулушу "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясы жөнүндө видео тасма тартууга катышуу үчүн уюштурулган.

Автор өзүнүн комментарийинде Ош шаарынын мэриясынын административдик ресурсту колдонуусунун натыйжасында, кварталдык комитеттердин төрагалары, башка мамлекеттик органдардын, мекемелердин жетекчилери Ош шаарынын борбордук аянтына 500дөн ашуун кишини “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясын колдоо үчүн чогултушкандыгын белгилеген.

Бул маалымат Башкы прокуратурага, Ош АШК ЫАККТна жиберилди.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg