ЫЧКТ маалымдайт: Үгүт иштери боюнча мектеп директорунун жана мугалимдердин жолугушуусун өткөрүү боюнча тергөө иштери башталды

2021-жылдын 17-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуу боюнча Координациялык тобуна Ноокат АШК ЫАККттан маалымат түшүп, анда “Бир Бол” саясий партиясынан Ноокат шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер О. Тургунбаевден арыз менен кайрылган. Ал Н.Крупская атындагы орто мектебинде жайгашкан No5399 УШКдагы шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоодо ушул мектептин директору Н. Поцкарова “Аманат” саясий партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер менен мугалимдердин үгүт иштери боюнча жолугушуусун өткөрүп жатканына күбө болгон.

О. Тургунбаев Н. Поцкарованын столунда 50дөй үгүт материалдары жаткандыгын белгилейт.

Бул маалымат КР ИИМне жана КР Башкы прокуратурасына жиберилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук адрес – kgor_cec@shailoo.gov.kg