ЫЧКТ билдирет: Мелдеш учурунда добуштарды сатып алуу боюнча иликтөө башталды

2021-жылы 5-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна Facebook та чыккан, Жалал-Абад областындагы Ала-Бука айылында  “Көк бөрү” мелдешинде Ж.Табалдиевдин шайлоочуларды сатып алуу боюнча видеомаалыматы талкууланып жатканы келип түшкөн.
МРЭОнун башчысынын орун басары Рыскул Ташбаев, катышуучулар менен спротсмендерге кайрылып улактын тушун тапшырды. Видеону жиберген автор Рыскул Ташбаев Жалал-Абад областынын Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондору боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси деп белгилейт.


Маалымат ИИМге, Башкы прокуратурага жиберилди. 

ЫЧКТ БШК
Кыска номери – 1255
WhatsApp – 0990 02-12-55
Ишеним телефону – 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40
Электрондук дареги – kgor_cec@shailoo.gov.kg