ЫЧКТ маалымдайт: Кемин районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлер тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулушун иликтөө башталды

2021-жылдын 26-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобу Кыргызстан элинин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо комитетинин төрагасы С.Мазайитовадан арыз түшүп, анда Кемин районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлер тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулушун көрсөткөн. Чүй облусунун Кемин райондук кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Сулайманова М., Эсенгулова А., жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынан баш тартпастан, кайрымдуулук иш-чараларына, шайлоо жараянында жакыр адамдар үчүн каражаттарды бөлүштүрүү катышышкан.

Кыргызстан элинин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо комитети бул фактыны добуштарды сатып алуу фактысы катары көрсөттү.

Маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Башкы прокуратурасына, Кемин АШК ЫАККТ жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg