КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине 2020-жылдын 31-декабрында “24.kg” сайтына “Кыргыстандын Президенттигине талапкерлердин видео дебатын КТРК өчүрдү” аталышта маалымат жарыялагандыгы боюнча маалымат келип түштү.
Соцтармактардагы өздүк баракчаларынан жана Youtube сервисинен Кыргызстандын Президенттигине талапкерлер: Б.Тольбаев, К.Асанов, Р.Джеенбеков, Ж.Байгуттиев, У.Кочкоров, А. Сегизбаев катышкан дебаттардын видеосу алынып салынгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер А.Сегизбаевдин штабы, КТРКнын Байкоочу кеңешине кайрылган. Анда, социалдык тармактардан жана Youtube видео сервисинен теле-дебаттардын берүүсүн алып салгандыгына катуу тынчсызданып, кайрадан теледебаттардын толук көрсөтүүсүн жарыялоо талабы менен кайрылган.
ЫАККТ БШК
Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg
--