ЫАККТ билдирет: Байкоочудан түшкөн маалымат текшерилип жатат

2021-жылдын 13-январында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун WhatsApp номуруна  "Kloop.kg" байкоочусунан маалымат түшүп, ал 2021-жылдын 10-январында №1211 УШКнын кире беришинде КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаровдун байкоочусу шайлоочуларды тизме боюнча белгилеп жатканын билдирген. 13.01.2021-ж. маалымат Башкы прокуратурага жиберилген. 14-январда бул материал Биринчи май райондук ИИБнин каттоо журналына №02-002-2021-000954. номери менен катталган. Текшерүү жүрүп жатат.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255
WhatsApp - 0990 02-12-55
Ишеним телефону - 0312 62-62-46
Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40
Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg