ЫАККТ билдирет: Жарандарды ташып келүү жөнүндө маалымат боюнча текшерүү башталды

2020-жылдын 31-декабрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине БШКнын мүчөсү Г.К.Джурабаевадан маалымат келип түшкөн. Ал маалыматта, КР Президенти кызматына талапкер К.Сооронкулова өзүнүн Facebook баракчасына КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаровдун Токмок шаарындагы жолугушуусу боюнча Ч.Сыдыкованын билдирүүсүн жарыялаган. Ал тексте жолугушууга мектептин жетекчилери, мугалимдер, 2 райондун энергетиктери келгени айтылган. Ар бир айыл өкмөттөрдөн жарандарды 5 буска салып ташып келишкендиги айтылат.

31.12.2020-жылы бул тууралуу КР ИИМине, Башкы прокуратурага билдирилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990 02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg