ЫАККТ маалымдайт: Шайлоо фондун ачуу үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат текшериле баштады

6-мартта 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун WhatsApp номерине Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылында жашаган жаран Рахманов Д.И. "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 15-беренесинин 1-пунктуна ылайык шайлоо фондун ачуу үчүн Ош шаарындагы “Айыл Банкка” кайрылганда, банк кызматкери талап кылынган 20 сомдун ордуна 200 сомдон 300 сомго чейин төлөөнү талап кылган.

Рахманов Д.И. ушул суммаларды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине талапкерлердин шайлоо фондун ачуу үчүн "Айыл Банкка" төлөөнүн мыйзамдуулугу жөнүндө маалымат берүүнү өтүнөт.

Д.И. Рахмановдун маалыматы текшерүү үчүн КР БШКнын контролдук-текшерүү тобуна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШ

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg