-

ЫЧКТ билдирет:Бишкек шаарынын жашоочуларынын добуштарын сатып алуу жана үгүт жүргүзүү боюнча маалыматты текшерүү иштери башталды

2021-жылдын 1-июлунда КР БШКнын ЫЧКТна Э. аттуу жарандан Свердлов районунун No18 МТУнун No30 кварталдык комитетинин төрагасы көрсөтүлгөн жашоочулардын арасында активдүү үгүт иштерди жүргүзүп, "Эмгек" партиясынан жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерге жардам берип, башка саясий партиялардын атынан чыккан талапкерлердин шайлоочулар менен белгиленген участокто жолугушуусуна жол бербей жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Ошондой эле, Э. аттуу жаран Бишкек шаарынын Свердлов районунун №18 МТУ №31 кварталдык комитетинин төрагасы К. К.Э. "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясына көмөк көрсөтүп, башка саясий партиялардын талапкерлерине жолугушууларды өткөрүүгө жана үгүт иштерин жүргүзүүсүнө жол бербей жаткандыгына көрсөткөн.

1.07.2021 Карап чыгуу жана текшерүү үчүн маалымат КР ИИМ,Токмок АШКнын ЫЧКТна жиберилди.

Кыска номер - 1255

WhasApp 0990 021255

Жарандардын билдирүү жана кайрылуулары үчүн– 0502001255

Ишеним телефону - 0312 626246

Коомдук кабылдама - 0312 660240

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg