Ысык-Ата районундагы №-7417 шайлоо участогундагы мыйзам бузуу иликтенет

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу БШК аппаратынын кызматкери А. Закировдун маалыматы менен таанышты, ал 6-сентябрда №-7417 шайлоо комиссиясынын учатогунда болуп мыйзам бузууга күбө болгон. 
А. Закировдун маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн шайлоо комиссиясынын участогуна бир нече кичи автобустар менен жакын жайгашкан айылдардагы жарандарды ташып келишип, шайлоо участогунун короосунда алар Ф2 формасы боюнча арыздарды толтурушкан. 
Көрсөтүлгөн убакытта ТШК төрагасы, идентификациянын оператору жок болушуп, шайлоочуларды кабыл алууну катчы гана жүргүзүп турган. 
А. Закиров шайлоо мыйзамдарынын бузулуп жаткандыгын бекемдөө үчүн ыкчам аракет кылуучу координациялык топко факт катары видеоматериалды көрсөткөн.  
6-сентябрда бул тууралуу БШК төрайымы Н. Шайлдабековага, А. Бегматовго мындан аркы аракет жасоо үчүн билдирилди. Материалдар Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө КР Кылмыш кодексинин 192-беренеси - шайлоочуларды сатып алуу жана ошол эле кодекстин 195-беренеси - шайлоо документтерин фальсификациялоо боюнча иликтөөгө тапшырылды.  
КР БШК Маалыматтык бөлүмү