Депутат Ф.Исмаилова боюнча маалымат КР ИИМине жана Башкы прокуратурага жиберилди

БШК мүчөсү А. Абдрахматова 15-сентябрда БШК ыкчам аракет жасоочу координациялык тобуна, “Биримдик” партиясынан депутаттыкка талапкер болуп жаткан Ф. Исмаилова Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылынын жашоочулары менен жолугушканда бир жашоочуга дарылануу үчүн 40 миң сом бергендигин билдирген.

Ал өлкөдө шайлоо процесси жүрүп жаткандыгын көрсөтүп, мындай иш шайлоочуларды сатып алууга жатаарын айтат. Видео, комментарийлер да тиркелет. Ошол эле күнү маалымат Башкы прокуратурага жана КР ИИМине жиберилген. Иликтөө башталды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү