"Биримдик" партиясы үчүн убактысынан эрте башталган агитация жөнүндө маалымат Башкы прокуратурага жөнөтүлдү КР

"Биримдик" партиясы үчүн убактысынан эрте башталган агитация жөнүндө маалымат Башкы прокуратурага жөнөтүлдү КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна А.,Б. Абдраевадан №9-МАБдын жетекчиси Давуза Рамазан агитаторлорду ишке тартып, "Биримдик" партиясы үчүн Бишкектеги 7-кичирайондун жашоочуларына агитация жүргүзүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. А. Б. Абдраеванын маалыматы боюнча агитаторлорго 10 миң сомдон сый акы төлөнгөн. 27-августта БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу бул маалыматты КР Башкы прокуратурасына жөнөттү.