№-224 ШКУдагы Ф2 формасын массалык толтуруу фактысы ИИМге жиберилди

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу 7-сентябрда WhatsApp  жана Instagram -аккаунтунда @Bezpredelkgz. активдүү талкууланып жаткан видеомаалымат менен таанышып чыкты. 
Видеомаалымат “Билайн” операторунун абоненти тарабынан жарыяланган. Видеодо Бишкектеги №-59-мектептин имаратында жайгашкан №-224 шайлоо комиссиясынын участогунда  жарандардын тобу Ф2 формасын толтуруп жатышкандыгы көрсөтүлгөн. Видеонун автору өз сөзүндө 1000 сом үчүн шайлоочулар өз добушун саясый партиялардын үгүтчүлөрүнө сатып жатышкандыгын айтып берген. 
7-сентябрда бул маалымат КР ИИМине жиберилди. Ошол эле күнү Бишкектин Ленин райондук  ЕРППда №03—11-2020009503 КР Кылмыш кодексинин 192-беренеси шайлоочуларды сатып алуу боюнча катталган.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү