ЫАКТ билдирет: КР Президентине талапкерлердин биринин сүрөтү бар баннер жок кылынды

2020-жылы 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылынын тургуну Р. Вахаповдон маалымат түшкөн. Ал «Кароол айлынын элдик коом» коомдук фондунун жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу С. Жапаровдун сүрөтүнүн фонунда «Карызы жок Кыргызстанда» деген тексти бар баннер
орнотулганын билдирген.

Шайлоо мыйзамдарын бузган бул факт Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин шайлоо алдындагы үгүттүн шарттарын бузуу каралган 44-беренесине ылайык 2020-жылы 19-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районунун ИИБ тарабынан маалыматтарды каттоо журналына катталган. Аталган баннер жок кылынды.