Жалал-Абад облусу
№ 13 Сузак шайлоо округу
Борбору: Сузак району, Сузак айылы, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 111287
Чек аралары: Сузак районунун Көк-Жаңгак шаары, Атабеков, Багыш, Кара-Алма, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Курманбек, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Сузак айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 14 Жалал-Абад шайлоо округу
Борбору: Жалал-Абад шаары, Мэриянын имараты.
Шайлоочулардын саны: 106138
Чек аралары: Жалал-Абад шаары толугу менен, Сузак районунун Барпы, Ырыс, Таш-Булак, Ленин айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 15 Базар-Коргон шайлоо округу
Борбору: Базар-Коргон району, Базар-Коргон шаары, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 112932
Чек аралары: Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаары, Кеңеш, Арстанбап, Акман, Бешик-Жон, Кызыл-Үнкүр, Могол, Сейдикум, Талдуу-Булак айыл аймактары толугу менен, Тогуз-Торо районунун Атай, Каргалык, Көк-Ирим, Сары-Булун, Тогуз-Торо айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 16 Ноокен шайлоо округу
Борбору: Ноокен району, Масы айылы, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 95129
Чек аралары: Майлуу-Суу шаары толугу менен, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаары, Арал, Бүргөндү, Масы, Момбеков, Ноокен, Сакалды, Шайдан, Достук айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 17 Аксы шайлоо округу
Борбору: Аксы району, Кербен шаары, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 80516
Чек аралары: Аксы районунун Кербен шаары, Кашка-Суу, Авлетим, Ак-Жол, Ак-Суу, Жаңы-Жол, Жерге-Тал, Кара-Жыгач, Кара-Суу, Кызыл-Туу, Т.Мавлянов, Ш.Назаралиев айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 18 Ала-Бука шайлоо округу
Борбору: Ала-Бука району, Ала-Бука айылы, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 80453
Чек аралары: Ала-Бука районунун 1-Май, Ак-Коргон, Ак-Там, Ала-Бука, Көк-Серек, Көк-Таш, Өрүктү, Т.Балтагулов айыл аймактары толугу менен, Чаткал районунун Сумсар, Терек-Сай, Каныш-Кыя, Чаткал айыл аймактары толугу менен кирет.
№ 19 Токтогул шайлоо округу
Борбору: Токтогул району, Токтогул шаары, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 99909
Чек аралары: Токтогул районунун Токтогул шаары, Бел-Алды, Жаны-Жол, Кетмен-Дөбө, Кызыл-Өзгөрүш, М.Абдылдаев, Ничке-Сай, Сары-Камыш, А.Суеркулов, Үч-Терек, Э.Аралбаев айыл аймактары толугу менен, Кара-Көл шаары толугу менен, Таш-Көмүр шаары толугу менен кирет.