Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кенешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
Жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” — Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңеши таркатылсын.
2. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 201 9-жылдын 19-майына дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
— мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;
- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
5. Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Окмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштуу шайлоо комиссиянын ишине кемек көрсөтсүн.
6. Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын милдеттерин аткаруучу жогоруда аталган кеңештин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык- техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлумунө жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков