«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дан көрүү
Башка видеолор
06-Мар, 2020
2020-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндѳ чет ѳлкѳлѳрдѳ убактылуу жашап жаткан же жүргѳн Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунун шарттары жана ѳзгѳчѳлүктѳрү тууралуу маалымат
06-Мар, 2020
-
28-Май, 2018
Добуш сатып алууга каршы (сурдокотормо менен)
28-Май, 2018
Противодействие подкупу (с сурдопереводом)
28-Май, 2018
Кошунаңды ала кел (сурдокотормо менен)
28-Май, 2018
Кошунаңды ала кел (сурдокотормо менен)
20-Окт, 2017
Полномочия президента
11-Окт, 2017
Твой голос-твое будущее!
11-Окт, 2017
Сенин добушуң-сенин келечегиң!
11-Окт, 2017