«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дан көрүү
Башка видеолор
04-Май, 2021
КР БШК 2021-жылдын 11-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумдун натыйжаларын аныктады
26-Апр, 2021
Райондук жана шаардык аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну аяктоодо.
24-Апр, 2021
Аймактык шайлоо комиссиялары референдумда тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну аяктоодо
17-Апр, 2021
Гендердик квотаны ишке ашыруу
17-Апр, 2021
Гендердик квотаны ишке ашыруу
15-Апр, 2021
Өлкөнүн саясий турмушуна катышууга жарандардын бирдей мүмкүнчүлүктөрү
11-Апр, 2021
Эл аралык байкоочулар үчүн брифинг
10-Апр, 2021
Башкарууда аялдардын ѳкүлчүлүгү Конституиция жана шайлоо мыйзамдары менен кепилденген
10-Апр, 2021
Ар бир шайлоо округунда 30% кем эмес мандаттарды резервге калтыруу азыркы айылдык кеңештерди шайлоонун маанилүү ѳзгѳчѳлүгү
10-Апр, 2021