«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дан көрүү
Башка видеолор
29-Авг, 2021
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл жана жетиштүү шарттарды камсыз кылуу
29-Авг, 2021
ЖМКнын аккредитациялоо тартиби
27-Авг, 2021
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын аккредитациялоо тартиби
27-Авг, 2021
Мыйзамдарга ылайык шайлоочулардын тизмесине 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өтүшкөн, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет
27-Авг, 2021
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмеси
26-Авг, 2021
КР ЖК депутаттарын шайлоо, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, аралаш тутум боюнча өтөт
26-Авг, 2021
КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоо
26-Авг, 2021
Алдыдагы КР ЖК депутаттарын шайлоо аралаш система боюнча өтөт
26-Авг, 2021
Алдыдагы парламент депутаттарын шайлоо шайлоонун аралаш тутуму боюнча өтөт
26-Авг, 2021