Башкы Видео «Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке …

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.

Башка видеолор

Мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрүнө жаңы шайлоо системасы тууралуу маалымат берилди
01:15
04-Сен, 2021

Мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрүнө жаңы шайлоо системасы тууралуу маалымат берилди

Жаштардын өкүлдөрүнө жаңы шайлоо моделинин  өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти
01:33
04-Сен, 2021

Жаштардын өкүлдөрүнө жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти

КР БШК мамлекеттик органдардын басма-сөз кызматынын өкүлдөрү менен  онлайн жолугушуу өткөздү
09:14
04-Сен, 2021

КР БШК мамлекеттик органдардын басма-сөз кызматынын өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөздү

КР БШКда аялдар демократиялык түйүнүнүн Кыргызстандагы өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өттү
03:17
04-Сен, 2021

КР БШКда аялдар демократиялык түйүнүнүн Кыргызстандагы өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өттү

КР БШКнын мүчөсү К. Маматов жаштардын өкүлдөрүнө Кыргызстандагы жаңы шайлоо модели тууралуу айтып берди
08:10
04-Сен, 2021

КР БШКнын мүчөсү К. Маматов жаштардын өкүлдөрүнө Кыргызстандагы жаңы шайлоо модели тууралуу айтып берди

КР БШК ЖМК өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү
02:02
04-Сен, 2021

КР БШК ЖМК өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү

Жаштар созсуз партиянын тизмесинде  болушу керек экенин  билесизби?
02:05
03-Сен, 2021

Жаштар созсуз партиянын тизмесинде болушу керек экенин билесизби?

Шайлоочулардын тизмесин озунузду кантип такташынызды билесизби?
01:20
03-Сен, 2021

Шайлоочулардын тизмесин озунузду кантип такташынызды билесизби?

КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоо качан болот?
00:49
03-Сен, 2021

КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоо качан болот?

КРнын ЖКнын депутаты ким боло алат?
01:10
03-Сен, 2021

КРнын ЖКнын депутаты ким боло алат?

1 … 50 52 … 85