«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дан көрүү
Башка видеолор
19-Окт, 2021
Шайлоо 2021
19-Окт, 2021
"Талапкер" маалыматтык ресурсу
19-Окт, 2021
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы "Талапкер" маалыматтык ресурсу
18-Окт, 2021
КРнын ЖКнын депуттатарын шайлоо
18-Окт, 2021
Нуржан Шайлдабекова: Талапкерлерди көрсөтүү этабы 13-октябрда аяктады / Жумакайрык
18-Окт, 2021
-
16-Окт, 2021
«БШК маалымдайт»
16-Окт, 2021
"Актуалдуу маек"
15-Окт, 2021
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
15-Окт, 2021