«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дан көрүү
Башка видеолор
10-Мар, 2022
КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин түздү
03-Мар, 2022
КР БШК кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайт!
03-Мар, 2022
КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу күнүн майрамдоо алкагында акция өткөрдү
27-Фев, 2022
Пандемия шартында өткөн шайлоо күнү санитардык эрежелердин сакталышы
27-Фев, 2022
БШК жарандарды КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого активдүү катышууга чакырат.
27-Фев, 2022
БИШКЕКТЕГИ КАЙРА ШАЙЛООДО ТҮШКӨ ЧЕЙИН 15,5 МИҢДЕЙ АДАМ ДОБУШ БЕРДИ
27-Фев, 2022
Бишкектеги кайра шайлоо Эки райондо имараттан сырткары 1 миң 111 жаран добуш берди
27-Фев, 2022
12:20 / БШК / Добуш берүүнүн жүрүшү / Түз эфир / 27 02 2022
27-Фев, 2022
11 10 / БШК / Добуш берүүнүн жүрүшү / Түз эфир / 27 02 2022
27-Фев, 2022