Башкы Видео 2020-жылдын 30-июнунунда, Ысык-Кѳл облусунун Түп районундагы Арал айыл …

2020-жылдын 30-июнунунда, Ысык-Кѳл облусунун Түп районундагы Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү

2020-жылдын 4-октябры Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү. Шайлоо процесси бир катар үзгүлтүксүз этаптардан турат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн шайлоочулардын тизмеси “tizme.gov.kg” мамлекеттик порталында 16-июлга чейин жайгаштырылат.

Ар бир шайлоочу 26-июлдан 19-сентябрга чейин тизмеден ката тапса, же ал өзүнүн шайлоо участогун добуш бере турган башка жерге алмаштырса, арыз бере алат. Сиз муну шайлоо участогуна келип, же болбосо электрондук жол менен “tizme.gov.kg” мамлекеттик порталындагы  “Шайлоочунун кабинетинен” авторизациядан өтүү менен жасай аласыз.

Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү этабы шайлоо дайындалган күндөн тарта башталып, 20-августта аяктайт. Документтерди каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 24-августка чейин алып келүү зарыл. Талапкерлерди каттоо 3-сентябрда аяктайт. Шайлоо алдындагы агитация иштери 4-сентябрда башталып, 3-октябрда саат сегизде аяктайт.

3-октябрда имараттан тышкары добуш берүү күнү. 3-октябрда эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин добуш берүүчүлөр 1-октябрга чейин арыз беришкен. Алар ден соолугуна же дагы башка себептерге байланыштуу, шайлоо күнү имаратта добуш бере албаган адамдар.

4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн добуш берүү күнү. Шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулар өздөрүнүн шайлоо участокторунда эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин добуш бере алышат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо, шайлоо болуп өткөндөн кийин 20 календарлык күндөн кеч эмес убакытта, 25-октябрга чейин болушу керек.  

Башка видеолор

Жергиликтуу кенештерге шайлоо
23:42
05-Мар, 2021

Жергиликтуу кенештерге шайлоо

Ар бир жергиликтүү кенеште 30% орун аялдарга берилет
3:01
03-Мар, 2021

Ар бир жергиликтүү кенеште 30% орун аялдарга берилет

Калкты биометрикалык каттоо максатында 11 мобилдүү автобус аймактарга жөнөп кетишти
1:29
03-Мар, 2021

Калкты биометрикалык каттоо максатында 11 мобилдүү автобус аймактарга жөнөп кетишти

Жергиликтүү шайлоонун алдында шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын алуу боюнча ири масштабдагы кампания өткөрүлүп жатат
1:28
03-Мар, 2021

Жергиликтүү шайлоонун алдында шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын алуу боюнча ири масштабдагы кампания өткөрүлүп жатат

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо:27- мартка чейин өзүнүздү тизмеден тактасаңыз болот
2:35
25-Фев, 2021

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо:27- мартка чейин өзүнүздү тизмеден тактасаңыз болот

КР жергиликтүү кеңештеринде депутаттарды шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участкаларына илинди
2:50
25-Фев, 2021

КР жергиликтүү кеңештеринде депутаттарды шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участкаларына илинди

Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-практикалык иш-чаралар
2:50
12-Фев, 2021

Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-практикалык иш-чаралар

Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү
4:54
12-Фев, 2021

Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү

БШКда эл аралык уюмдар менен жолугушуу болуп өттү
1.14
10-Фев, 2021

БШКда эл аралык уюмдар менен жолугушуу болуп өттү

Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды
18:18
10-Фев, 2021

Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды