Башкы Видео 2026-жылдын 16-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү

2026-жылдын 16-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү

2026-жылдын 16-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү.

Жыйында Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартиби бекитилип, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдары өзгөртүлүп, резервдери толукталды.

Ошондой эле Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн боюнча айрым депутаттардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандаттар кийинки талапкерлерге берилди.

Мындан тышкары, Президенттикке талапкер А. Касеновдун ыйгарым укуктуу өкүлү катталып, 2027-жылкы Президенттик шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМКлар менен интернет-басылмалар аккредитацияланды.

 

Башка видеолор

1 … 83