№7

Өзгөн жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссиясынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

  1. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

“Ишеним” саясий партиясынан Камаева Айдана Замировна, “Тилектештик” саясий партиясынан Мажитова Акмарал Акылбековна жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Суйунбай уулу Жоомартбек, Исмаилжан кызы Жайнагүл, Кочконбаева Кызжибек Жалиловна, Осмоналиева Нурипа Токтосуновна, Маматов Кылычбек Дуйшоевич берген арыздарына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан Көчкөнбаева Жумагүл Уристамбековна, Калчаева Суйумкан Курбаналиевна, Сулайманов Нурмамат, Орозбаев Аман Адылович, Кадыралиева Мээридина Кубанычбековна, Тынай уулу Бакыт жана Капарова Нуржамал Сарыбашовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

  1. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

“Ынтымак” саясий партиясынан Субанбеков Жалынбек Канатбекович берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Орозалы кызы Дамира резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

  1. Ушул токтом Эркин-Тоо мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

       Төраганын м.а                                                                                                      А. Жупуева

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 23-январы

№ 7