№ 68

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Алай, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай, Сокулук, Жайыл жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

1)“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин
1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин
2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:

 Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-августундагы № 9 Ош облусунун Алай районунун Курманжан Датка жана Тилектеш айылдык кеңештери боюнча;

Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 8 Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңеши боюнча;

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-августундагы № 7 Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңеши боюнча;

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-августундагы № 13 Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айылдык кеңеши боюнча;

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-августундагы № 14 Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңеши боюнча;

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 9 Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңеши боюнча;

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-августундагы № 17 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 7 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңеши боюнча.

2) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айылдык кеңешинин депутаты каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-августундагы № 9 чечими.

3) Жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө чечимдери

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-августундагы № 13 Ош облусунун Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңеши боюнча;

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 7 Нарын облусунун Ат-Башы районун Ат-Башы айылдык кеңеши боюнча.

4) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:

 Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-августундагы № 9 Ош облусунун Алай районунун Курманжан Датка, Жаңы-Алай жана Тилектеш айылдык кеңештери боюнча;

Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 8 Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңештери боюнча;

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-августундагы № 7 Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңеши боюнча;

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-августундагы № 13 Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айылдык кеңеши боюнча;

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 9 Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңеши боюнча;

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-августундагы № 18 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 7 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңеши боюнча.

5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11- бөлүгүнүн негизинде, Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңеши боюнча бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-августундагы № 15 чечими.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

 Алай, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай, Сокулук, Жайыл жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

Ноокат жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык;

 Алай, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай, Сокулук, Жайыл жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

3. Алай, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай, Сокулук, Жайыл жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

4. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

              Төрага                                                                                            Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 29-августу

№ 68

Негиздеме-маалымкат