01.08.2025 №55

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Өзгөн, Тогуз-Торо, Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:

.Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 7 Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңеши боюнча;

.Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 4 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңеши боюнча;

.Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 6 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылдык кеңеши боюнча;

.Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 7 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ж. Абдрахманов айылдык кеңеши боюнча.

2).Жеке арызынын негизинде, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 7 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ж..Абдрахманов айылдык кеңеши боюнча депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө чечими.

3).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:

.Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 8 Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңеши боюнча;

.Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 5 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңеши боюнча;

.Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 6 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылдык кеңеши боюнча;

.Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 8 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ж. Абдрахманов айылдык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8 беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

. Өзгөн, Тогуз-Торо, Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык;

. Өзгөн, Тогуз-Торо, Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2..Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

3.. Өзгөн, Тогуз-Торо, Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

4..Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5..Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

                    Төрага                                                                                            Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 1-августу

№ 55

Справка-обоснование