№53

Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасында шайлоолорду, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартибин жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Шайлоо маалыматтык системасын пайдалануунун тартиби жөнүндө” 2011-жылдын 21-октябрындагы № 384 токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” 2017-жылдын 13-майындагы № 114 токтому;

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                      Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 1-августу

№ 53