№50
Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө укук бузуулар жөнүндө иштерди бирдиктүү жүргүзүүнүн тартибин белгилөө максатында, “Укук бузуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 451, 455-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1..Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1).Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Шайлоону жана референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлүүчү администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүнүн тартиби жана формасы жөнүндө” нускаманы бекитүү тууралуу” 2017-жылынын 24-февралындагы № 473 токтом;
2).Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 2020-жылынын 11-февралындагы № 41 токтому;
3).Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 41 токтому менен бекитилген шайлоо комиссиялары тарабынан бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо тартиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2020-жылдын 10-августундагы № 161 токтому;
4).Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 41 “Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 135 токтому.
3..Бул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин.
4. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш. 1-август, 2025-ж.
№ 50
