№37

Панфилов, Ысык-Көл, Талас, Ноокен, Алай жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:

  1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:

– Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-мартындагы № 7, № 8 жана № 9 Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Кайыңды айылдык кеңеши жана Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;

– Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралындагы № 1 жана № 3 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ж. Абдрахманов айылдык кеңеши жана Чолпон-Ата шаардык кеңеши боюнча;

– Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-мартындагы № 1 Талас облусунун Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңеши боюнча;

– Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 7-мартындагы № 1 Ош облусунун Алай районунун Жибек-Жолу айылдык кеңеши жана Гүлчө шаардык кеңеши боюнча;

– Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-мартындагы № 3 Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айылдык кеңеши боюнча;

2) Катталган талапкерди жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:

– Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-мартындагы № 10 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;

– Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 7-мартындагы № 1 Ош облусунун Алай районунун Жибек-Жолу айылдык кеңеши боюнча;

3) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралындагы № 2 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ж. Абдрахманов айылдык кеңеши боюнча;

– Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 5-мартындагы № 2 Талас облусунун Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңеши боюнча;

– Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-мартындагы № 3 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э. Алиев айылдык кеңеши боюнча;

. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 7-мартындагы № 1 Ош облусунун Алай районунун Жибек-Жолу айылдык кеңеши боюнча;

– Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-мартындагы № 3 Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айылдык кеңеши боюнча;

4) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-мартындагы № 10 жана № 11 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;

– Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралындагы № 3 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңеши боюнча;

– Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 7-мартындагы № 1 Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаардык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитет.

Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

Панфилов, Талас, Алай жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

Панфилов жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;

– Панфилов, Ысык-Көл, Талас, Ноокен, Алай жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын бош мандаттарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3. Панфилов, Ысык-Көл, Талас, Ноокен, Алай жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Б.А. Конуровго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 10-марты

№ 37