28.07.2025 №46

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына, округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө Жобо тууралуу” 2020-жылдын 26-июнундагы № 114 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына, аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө Жобо тууралуу” 2020-жылдын 26-июнундагы № 114 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына, аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө Жобо тууралуу” 2020-жылдын 26-июнундагы № 114 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” 2021-жылдын 29-августундагы № 665 токтомунун 1-пунктунун 2, 3 жана 4-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.С. Жупуевга жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

 

 

Төрага                                                                                    Т. Шайназаров
 

Бишкек ш., 2025-жылдын _28-июлу

№ 46