28.07.2025 №45
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгынына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгынына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын ортосунда, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлердин ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” нускаманы бекитүү тууралуу” 2015-жылдын 28-июлундагы № 92 токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 92 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын ортосунда, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлердин ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 683 токтому.
3. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 28-июлу
№ 45
