28.07.2025 №42

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамынын 2-беренесин жетекчиликке алып, жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн укуктук статусун жөнгө салуу максатында “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда саясий партиянын жана талапкердин өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” 2015-жылдын 28-июлундагы № 94 токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 94 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  2020-жылдын 26-июнундагы № 111 токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиянын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” 2015-жылдын 28-июлундагы № 94 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2021-жылдын 29-августундагы № 661 токтому.

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                  Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 28-июлу

№ 42