28.07.2025 №40
Шайлоо жана референдум өткөрүүдө майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоо жана референдум өткөрүүдө майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” 2017-жылдын 7-октябрындагы № 506 токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 506 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2020-жылдын 4-февралындагы № 29 токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 680 токтомунун 4-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 506 “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 123 токтому.
3. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 28-июлу
№ 40
