28.07.2025 №39

Шайлоолорду жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

    Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасында референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартибин жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

     1. Шайлоолордо жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

     2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

     1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда депутаттарын шайлоодогу коомдук байкоочулардын статусу, каттоонун тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому;

     2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу коомдук байкоочулардын статусу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 453 токтому;

     3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочуларды аккредитациялоонун, статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2020-жылдын 22-январындагы № 11 токтому.

     4) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочуларды аккредитациялоонун, статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 677 токтому.

     3. Бул токтом “Эркин Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

     4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

     5. Бул токтом расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                 Т. Шайназаров

 

Бишкек ш. 2025-жылдын 28-июлу

№ 39