28.07.2025 №38

“Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароонун тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылынын 07-июлундагы № 212 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” 2017-жылдын 07-июлундагы № 212 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогорудагы токтом менен бекитилген жободо:

– 1.3.-пункттун төртүнчү абзацында “администрациялык жана жазык” деген сөздөр “укук бузгандыгы үчүн жана кылмыш-жаза” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 1.6.-пункттун үчүнчү абзацындагы “административдик же кылмыш” деген сөздөр “укук бузгандыгы үчүн жана кылмыш-жаза” деген сөздөргө алмаштырылсын;

3.10.-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

“Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана токтомдору тигил же бул негиздер боюнча сот тарабынан кайра каралууга тийиш эмес.”.

2. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                 Т. Шайназаров

 

Бишкек ш. 2025-жылдын 28-июлу

№ 38