23.11.2024 №206 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Чолпон-Ата шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 8 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 17554 шайлоочу киргизилген.

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 6 саясий партия катталган: «Мурас», «Ынтымак», «Социал-демократтар», «Улуу Кыргызстан», «Жаңы Кыргызстан», «Адилет».

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы 8 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары туралуу протоколдорунун негизинде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктады.

Добуш берүүгө жалпысынан 4547 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 25,90%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 21 шайлоочу катышты.

Чолпон-Ата шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 6 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Мурас» - 534 добуш (11,87%) - 4 мандат; «Ынтымак» - 671 добуш (14,92%) - 6 мандат; «Социал-демократтар» - 306 добуш (6,80%) - 2 мандат; «Улуу Кыргызстан» - 1570 добуш (34,90%) - 11 мандат;
«Жаны Кыргызстан» - 839 добуш (18,65%) - 8 мандат; «Адилет» - 522 добуш (11,61%) - 3 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 8 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Чолпон-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына жана Чолпон-Ата шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

206