№20

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 52 токтому менен бекитилген Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси кабыл алынгандыгына жана ага Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 52 токтому менен бекитилген Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө жобону шайкеш келтирүү зарылчылыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 52 токтому менен бекитилген Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 2-пункттагы “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси” деген сөздөрү менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                 Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 16-февралы

№20