№ 191

9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 68 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 123 213 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 41 800 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 33,92% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 41 502 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 33,68% түздү.

4 849 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,94% түздү.

№ 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 21 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 21 талапкер катышты.

№ 9 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 7 чечими менен “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарына ылайык, № 5050, № 5054, № 5548, № 5577, № 5039, № 5040 жана № 5041 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.

№ 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары 61 шайлоо участкасында чыгарылды.

№ 9 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

  1. Токтомуратова Гульпери Абдылдаевна – 500 добуш (0,4%);
  2. Абжапарова Уултай Амалбековна – 785 добуш (0,63%);
  3. Кадыралиева Ыргал Кармышаковна – 1 099 добуш (0,89%);
  4. Толонов Данияр Эрмекович5 088 добуш (4,12%);
  5. Кантороев Кубанычбек Абылтаевич1 176 добуш (0,95%);
  6. Жумаев Байыш Эркебаевич3 024 добуш (2,45%);
  7. Батырова Ташхон Темировна439 добуш (0,35%);
  8. Турдубаева Гульмира Мамаевна – 964 добуш (0,78%);
  9. Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна – 1 127 добуш (0,91%);
  10.  Талипов Чынгыз Базарбаевич 3 785  добуш (3,07%);
  11.  Кадырова Жылдызкан Турумбековна228 добуш (0,18%);
  12.  Абитов Женишбек Эсеналиевич4 257 добуш (3,45%);
  13.  Акаев Кылычбек Муталиевич2 574 добуш (2,08%);
  14.  Акылбек Нурсултан – 294 добуш (0,23%);
  15.  Эркинбаева Гульнарахан Джумаковна – 984 добуш (0,79%);
  16.  Даут Ахунов Сардарбек Исмаилжанович571 добуш (0,46%);
  17.  Нурунбетов Сыймыкбек Балтахунович – 126 добуш (0,1%);
  18.  Умарбеков Боронбай Баитович459 добуш (0,37%);
  19.  Толтоев Эрнис Мукашбекович – 3 286 добуш (2,66%);
  20.  Джалилов Азамжан Абдуллажанович5 461 добуш (4,43%);
  21.  Саипбаев Нурланбек Жаныбекович4 353 добуш (3,53%);
  22.  “Баарына каршы” 557 добуш (0,45%).

№ 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жалпы 4 арыз (даттануу) келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).

№ 9 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Джалилов Азамжан Абдуллажанович;

- Толонов Данияр Эрмекович;

- Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 8-декабры

№ 191