Башкы БШКнын ЧУА Токтом 19.06.2021 № 520 2021-жылы 5, 9, 10, 11, …

19.06.2021 № 520 2021-жылы 5, 9, 10, 11, 12, 14 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн, Октбярь, Көк-Жар, Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйын

Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике от 9 августа 2010 года, №141 16.12.2024 №266 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси 16.12.2024 №264 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Т. Толоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 16.12.2024 №265 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Су 10.01.2025 №1 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Сузак, Ка 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш. Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 30.08.2023-ж. №82 26.11.2024 №263 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.01.2025 №3 КРнын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө 23.01.2025 №4 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө 26.11.2024 №262 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №261 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 25.11.2024 №260 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу, Нарзан, Төлөк, Төрт-Гүл, Миң-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №259 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №258 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө жана Э. Иманалиев айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө  Токтогул  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №257 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №256 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №255 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №254 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров, Биримдик, Күмүштак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №253 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай, Жибек-Жолу, Курманжан-Датка, Памир-Алай, Тилектеш жана Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссия 24.11.2024 №252 ​​​​​​​2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов, Бел, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Көк-Жар, Кыргыз-Ата, Н.Исанов, Т.Зулпуев, Т.Кулатов жана Төөлөс айылдык кеңештеринин депутатта 24.11.2024 №251 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо, Баш-Булак, Датка, Жоош, Мады, Манас, Отуз-Адыр, Папан, Савай жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Суу аймактык шай 24.11.2024 №250 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №249 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев, Ак-Турпак, Бирлик, Исхак-Полотхан, Майдан, Молдо Нияз, Орозбеков, Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кадамжай ай 24.11.2024 №248 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №247 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №246 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Пахта, Күнтуу, Төмөнкү-Чүй, Сары-Өзөн, Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүн 24.11.2024 №245 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №244 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш, Толук, А. Суеркулов, жана Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 24.11.2024 №243 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы, Атабеков, Кызыл-Туу, Багыш, Көк-Арт, жана Кыз-Көл, айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын прото 24.11.2024 №242 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №241 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №240 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №239 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыны 23.11.2024 №238 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №237 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен  районундагы Д.Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков  жана Бүргөндү-Достук  айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №236 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман, Кеңеш, Арстанбап-Ата, жана Сайдыкум айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №235 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №234 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуну Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №233 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №232 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Жайылма, Жээк, Кең-Булун, Кочкорбаев, Нурманбет, Сын-Таш, Узун-Кыр, Ысык-Ата айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ысык-Ата аймакты 23.11.2024 №231 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районундагы Биримдик, Бурана, Онбир-Жылга, С.Ибраимов,  Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №230 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А. Сыдыков, Арашан, Байтик-Баатыр, Достук, Кара-Жыгач, С. Чокморов, Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аламүдүн аймактык шайлоо 23.11.2024 №229 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат, Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак, Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жө 23.11.2024 №228 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №227 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Алтын-Бешик, Кара-Бак, Самаркандек, Суу-Башы, Төрт-Гүл айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комисс 23.11.2024 №226 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №225 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №224 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2021-жылы 5, 9, 10, 11, 12, 14 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн, Октбярь, Көк-Жар, Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 5, 9, 10, 11, 12, 14 -июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 237, 2021-жылдын 21-майындагы № 275, 2021-жылдын 25-майындагы № 304, 2021-жылдын 26-майындагы № 329   токтомдору менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн, Октбярь, Көк-Жар, Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. 

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Кольбаев Найзабек Асанбекович катталган. Талапкер Н.А. Кольбаев Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Аламүдүн айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, Н.А. Кольбаев – 21 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Кольбаев Найзабек Асанбекович Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 7 талапкер – Алимкулов Топчубай Шералиевич, Асакеев Мидин Бадырович, Бокобаев Кубатбек Кубанычбекович, Гапаров Акылбек Икрамович, Кабиров Саймудин Одинаевич, Кудайбердиев Нургазы Абдигапарович жана Момбекова Наргиза Кулжабаевна катталышган. Талапкерлер Т. Ш. Алимкулов, М. Б. Асакеев, К. К. Бокобаев, А. И. Гапаров, С. О. Кабиров, Н. А. Кудайбердиев жана Момбекова Н. К. Октябрь айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Октябрь айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаттын 21 депутаты катышып, 1 турда: Т.Ш. Алмикуловго - 0 добуш, М.Б. Асакеевге - 0 добуш, К.К Бокобаевга– 0 добуш, А.И. Гапаровго– 3 добуш, С.О. Кабировго– 8 добуш, Н.А. Кудайбердиевге – 9 добуш, Н.К. Момбековага – 1 добуш «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш, 2 турда: С.О. Кабировго – 11 добуш, Н.А. Кудайбердиевге – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Кабиров Саймудин Одинаевич Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Джумалиев Эдиль Асыкбаевич катталган. Талапкер Э.А. Джумалиев Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Көк-Жар айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Э.А. Джумалиевге – 19 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Джумалиев Эдиль Асыкбаевич Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Сакиев Белек Ильичбекович катталган. Талапкер Б.И. Сакиев Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Ак-Дөбө айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Б.И. Сакиев – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Сакиев Белек Ильичбекович Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Асанкулов Бекболсун Сатаркулович, Кенджегозиев Нурбек Акылбекович жана Ташматов Сапар Планович катталышкан. Талапкерлер Б.С. Асанкулов, Н.А. Кенджегозиев жана С.П. Ташматов Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Таш-Мойнок айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Б.С. Асанкуловго – 11 добуш, Н.А. Кенджегозиевге – 2 добуш, С.П. Ташматовго – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Асанкулов Бекболсун Сатаркулович Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Качкынбай уулу Адилет катталган. Талапкер Качкынбай уулу А. Лебединовка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Лебединовка айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын 29 депутаты катышып, Качкынбай уулу А. – 28 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Качкынбай уулу Адилет Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Нусубалиев Адилет Абылгазиевич жана Шеримбеков Бакыт Кемелканович катталышкан. Талапкерлер А.А. Нусубалиев жана Б.К. Шеримбеков Пригородный айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Пригородный айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, А.А. Нусубалиевге – 8 добуш, Б.К. Шеримбековго – 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Шеримбеков Бакыт Кемелканович Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Ниязова Гулькайыр Элебесовна катталган. Талапкер Г.Э. Ниязова Ала-Арча айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Ала-Арча айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Н.Э. Ниязовага. – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Ниязова Гулькайыр Элебесовна Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Гроздь айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Джумалиев Тимур Болотович жана Дозалиева Алиман Тоштуковна катталышкан. Талапкерлер Т.Б. Джумалиев жана А.Т. Дозалиева Гроздь  айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Гроздь айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Т.Б. Джумалиевге – 7 добуш, А.Т. Дозалиевага – 4 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Джумалиев Тимур Болотович Гроздь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн, Октбярь, Көк-Жар, Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана Гроздь  айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.    

2021-жылдын 5, 9, 10, 11, 12, 14-июнундагы Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Октбярь, Көк-Жар, Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана Гроздь   айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  29-беренесине ылайык,     

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Чүй облусунун Аламүдүн районунун 2021-жылдын 5-июнунда өткөрүлгөн Аламүдүн айыл өкмөттүнүн, 2021-жылдын 9-июнунда өткөрүлгөн Октябрь жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн, 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Таш-Мойнок жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын  12-июнунда өткөрүлгөн Пригородный жана Ала-Арча айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 14-июнунда өткөрүлгөн Гроздь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын                       2021-жылдын 5, 9, 10, 11, 12, 14 - июнундагы протоколдору бекитилсин.    

1.1. Чуй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн, Октбярь, Көк-Жар, Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана Гроздь   айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.     

1.2. Кольбаев Найзабек Асанбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Кабиров Саймудин Одинаевич Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Джумалиев Эдиль Асыкбаевич Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Сакиев Белек Ильичбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.6. Асанкулов Бекболсун Сатаркулович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.7. Качкынбай уулу Адилет Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.8. Шеримбеков Бакыт Кемелканович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.9. Ниязова Гулькайыр Элебасовна Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.10. Джумалиев Тимур Болотович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Гроздь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Аламүдүн, Октбярь, Көк-Жар, Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.    

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

2.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                            

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну

№ 520