№190

8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№ 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 101 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 142 474 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 59 862 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 42,08% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 49 490 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 34,78% түздү.

10 372 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 7,29% түздү.

№ 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 21 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 21 талапкер катышты.

№ 8 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 2-декабрындагы №11 чечими менен “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4–бөлүгүнүн 1, 2-пункттарына ылайык, № 5514, №5249 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.

№8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары 99 шайлоо участкасында чыгарылды.

№ 8 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Жумаева Динара Нуркамиловна – 522 добуш (0,36%);

2. Матисаков Бешболуш Жоробаевич – 475 добуш (0,33%);

3. Турганбаев Дөөлөтбек Улукбекович – 517 добуш (0,36%);

4. Акаев Жанарбек Кубанычович – 13 856 добуш (9,73%);

5. Баатыркулов Зайнал Ахматович – 2 369 добуш  (1,66%);

6. Сүтүева Гүласыл Буркановна – 814 добуш (0,57%);

7. Семетей кызы Айзирек – 256 добуш (0,18%);

8. Киргизова Раиса Ашиновна – 1 786 добуш (1,25%);

9. Бердиев Аккулу Тагаевич – 2 981 добуш (2,09%);

10. Торобекова Нуржамал Турсуналиевна – 3 145 добуш (2,21%);

11. Калмаматова Элиза Бакалбаевна – 1 077 добуш (0,75%);

12. Мамажакыпова Чынара Жуманазаровна – 224 добуш (0,15%);

13. Токторов Мырзабек Сарыевич – 1 788 добуш (1,25%);

14. Сарыбашов Таалайбек Насирбекович – 8796 добуш (6,18%);

  15. Мадазимов Бекболот Акимович – 952 добуш (0,66%);

16. Джолдошова Жылдызкан Айтибаевна – 2 590 добуш (1,82%);

17. Ашимова Динара Ашимовна – 1 680 добуш (1,18%);

18. Патиев Нурканбек Маматович – 478 добуш (0,33%);

19. Токторова Карамат Балтабаевна – 470 добуш (0,33%);

20. Мамырова Бөдөш Аманбаевна – 601 добуш (0,42%);

21. Примов Улан Бердибаевич – 11 009 добуш (7,74%);

22. «Баарына каршы» – 566 добуш (0,39%).

№ 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жалпы 8 арыз (даттануу) келип түштү.

Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/.

№ 8 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы       № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылсын:

- Акаев Жанарбек Кубанычович;

- Примов Улан Бердибаевич;

- Торобекова Нуржамал Турсуналиевна.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5..Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 8-декабры

№ 190