№189

№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 84 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 132 278 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгө 53 664 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 40,56% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 50 059 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 37,84% түздү.

3 588 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 2,72% түздү.

№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 17 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 17 талапкер катышты.

№ 26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №1 чечими менен “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, №7028, №7029 жана №7030 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

№26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары 81 шайлоо участкасында чыгарылды.

№ 26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы №26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1.  Борончиева Айгерим Шамильевна – 172 добуш (0,32%);

2.  Айтимбетова Айсулуу Курманбаевна – 743 добуш (1,38%);

3.  Аскарова Айнура Алмасбековна – 1 059 добуш (1,97%);

4.  Абакиров Эльдар Курманбекович – 7 067 добуш (13,17%);

5.  Сыдыгалиев Нурмухамед Ашымбекович – 1 382 добуш (2,58%);

6.  Бейшенбаева Гульниза Джумабековна –695 добуш (1,30%);

7.  Абдылас Жаркын – 1 099 добуш (2,65%);

8.  Саккараев Медербек Джаманкулович –11 978 добуш (22,33%);

9.  Ботобаев Айбек Курманович – 978 добуш (1,82%);

10. Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович – 5 784 добуш (10,78%);

11. Исаев Акжол Апсаматович – 1 689 добуш (3,15%);

12. Курманалиева Гульназ Шаршеналиевна – 271 добуш (0,51%);

13. Исеналиев Эркинбек Аскеевич – 11 265 добуш (21,00%);

14. Субанов Айбек Манасбекович – 266 добуш (0,50%);

15. Исаева Джамиля Кубанычбековна – 5 944 добуш (11,08%);

16. Кожомкулов Фархат Айбекович – 116 добуш (0,22%);

17. Мурсалиев Акылбек Рыскельдиевич – 886 добуш (1,65%);

18. “Баарына каршы” – 1 372 добуш (2,56%).

№ 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 4 арыз (даттануу) келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).

№ 26 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

– Саккараев Медербек Джаманкулович;

– Исеналиев Эркинбек Аскеевич;

– Исаева Джамиля Кубанычбековна.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025–жылдын 8-декабры

№ 189