№ 188

14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№ 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 77 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 149 026  шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 54 536 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 36,59% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 48 332 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 32,43% түздү.

6 204 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,16% түздү.

№ 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 12 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 12 талапкер катышты.

№ 14 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Жумабекова Турдукан Абдыкарыевна – 1 232 добуш (2,28%);

2. Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович – 6 605 добуш (12,24%);

3. Борбиев Болотбек Ибраимович – 13 445 добуш (24,92%);

4. Эсенкулов Арно Толобекович1 371 добуш (2,54%);

5. Култаева Гулшаркан Оконовна – 6 415 добуш (11,89%);

6. Мамытканова Тамара Акимжановна – 3 134 добуш (5,81%);

7. Утурбаева Мариякан Төлөгөновна – 2 810 добуш (5,21%);

8. Эргешбаева Таттуубүбү Нурбековна – 1 991 добуш (3,69%);

9. Жапарова Жеңишгүл Молдокеримовна – 1 292 добуш (2,39%);

10. Сулайманов Кундузбек Кошалиевич – 12 064 добуш (22,36%);

11. Толубаева Нураида Нуржакыповна – 1 873 добуш (3,47%);

12. Бердимуратова Гүлжан Калпакбаевна – 561 добуш (1,04%);

13. “Баарына каршы”  – 1 155 добуш (2,14%).

№ 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 2 арыз (даттануу) келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).

№ 14 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Борбиев Болотбек Ибраимович;

- Сулайманов Кундузбек Кошалиевич;

- Култаева Гулшаркан Оконовна.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 8-декабры

№ 188