№187

25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 79 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 141 908 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 46632 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 32,86% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 42 703 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 30,09% түздү.

3 929 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 2,77% түздү.

№25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 17 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 17 талапкер катышты.

№25 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1.  Иманов Акан Эрикович – 1 295 добуш (2,83%);

2.  Молдокулова Гулзар Кумаровна, 444 добуш (0,97%);

3.  Солтонбекова Ализа Карыпбековна – 1 257 добуш (2,75%);

4.  Сейтказиева Эркеайым Алымовна – 3 225 добуш (7,05%);

5.  Тердикбаев Эрлис Джекшенович – 2 041 добуш (4,46%);

6.  Таштанбеков Акбокон Дукенович – 3 511 добуш (7,68%);

7.  Жунусбеков Торокан Бейшенбекович – 445 добуш (0,97%);

8.  Шерикулова Минара Анарбековна – 750 добуш (1,64%);

9.  Кулмамбетов Бакытбек Чолпонбекович – 954 добуш (2,09%);

10. Тентишев Бакыт Эркинович – 7 108 добуш (15,55%);

11. Карабаева Канымбу Исираиловна – 256 добуш (0,56%);

12. Алканова Элнура Сайдиракмановна – 2 441 добуш (5,34%);

13. Асанбеков Жаныбек Асанбекович – 3 990 добуш (8,73%);

14. Шабазов Бахридин Валиевич – 10 062 добуш (22,01%);

15. Молдобаев Бактыбек Садырович – 1 300 добуш (2,84%);

16. Жумалиева Жылдызкан Зайнидиновна – 2 609 добуш (5,71%);

17. Никитенко Наталья Владимировна – 2 098 добуш (4,59%);

19. “Баарына каршы” – 1 993 добуш (4,23%).

№25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө №25 округдук шайлоо комиссиясына жалпы 28 билдирүү келип түштү. Келип түшкөн бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

 № 25 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. №25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

– Шабазов Бахридин Валиевич;

– Тентишев Бакыт Эркинович;

– Сейтказиева Эркеайым Алымовна.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 8-декабры

№ 187