№185

№ 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№ 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 55 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 132 442 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 41 318 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 31,20% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 35 648 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 26,92% түздү.

5670 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,28% түздү.

№ 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 13 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 13 талапкер катышты.

№ 23 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

  1.  Чекилов Ринат Эркинбекович – 937 добуш (2,30%);
  2.  Карыпбеков Илим Майрамбекович – 2430 добуш (5,96%);
  3.  Молдалиев Сатыбек Калилович – 322 добуш (0,79%);
  4.  Тургунбаев Алиаскар Абдылдаевич – 183 добуш (0,45%);
  5.  Чалов Ильяз Алмазович – 5841 добуш (14,32%);
  6.  Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич – 380 добуш (0,93%);
  7.  Давлянов Дамирбек Тайырбекович – 209 добуш (0,51%);
  8.  Маматалиев Марлен Абдырахманович – 6932 добуш (17,00%);
  9.  Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна – 11278 добуш (27,66);
  10.  Исатбек кызы Аида – 3686 добуш (9,04%);
  11.  Шаршеев Искендер Шеримбекович – 296 добуш (0,73%);
  12.  Хасанов Канат Зерликович – 485 добуш (1,19%);
  13.  Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич – 6448 добуш (15,81%);
  14. “Баарына каршы” – 1349 добуш (3,31%).

№ 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 4 арыз (даттануу) келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).

№ 23 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы       № 23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. №23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. №23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. №23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна;  

- Маматалиев Марлен Абдырахманович;

- Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич.  

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

         5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 8-декабры

№ 185