№184
№ 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.
№7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 78 шайлоо участогу түзүлгөн.
Округдагы шайлоочулардын тизмесине 141 414 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 50 685 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 35,84% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 46 654 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 32,99% түздү.
4 031 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 2,85% түздү.
№7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 13 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 13 талапкер катышты.
№ 7 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович – 7 711 добуш (15,46%);
2. Ыдырысова Чынаркан Орозбаевна – 1 751 добуш (3,51%);
3. Чалова Гүлбарчын Толонбаевна – 2 757 добуш (5,53%);
4. Ормонова Авазкан Чынбердиевна – 1 283 добуш (2,57%);
5. Козуев Алишер Абибиллаевич – 20 672 добуш (41,45%);
6. Машрапова Гүлай Эгемназаровна – 3 478 добуш (6,97%);
7. Аттокурова Гульмира Нишанбаевна – 1 133 добуш (2,27%);
8. Жеенбекова Чолпон Абдылдаевна – 499 добуш (1,00%)
9. Бакир Уулу Турсунбай – 591 добуш (1,18%);
10. Макамбаев Сталбек Абибиллаевич – 1 225 добуш (2,46%);
11. Акыл Уулу Актилек – 1 152 добуш (2,31%);
12. Джеенбаева Гулуипа Арстанбековна – 1 591 добуш (3,19%);
13. Юсупов Замир Байышович – 5 461 добуш (10,95%);
14. “Баарына каршы” – 571 добуш (1,14%).
№ 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 5 арыз (даттануу) келип түштү.
Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).
№ 7 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы №7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. №7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. №7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. №7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:
- Козуев Алишер Абибиллаевич;
- Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович;
- Машрапова Гүлай Эгемназаровна.
4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 8-декабры
№ 184
