№181

19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы №88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 62 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 138 862 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 42 845 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 30,85% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 37 973 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 27,34% түздү.

4 872 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 3,51% түздү.

№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 25 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 25 талапкер катышты.

 № 19 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Алиев Медербек Кубанычевич – 5 532 добуш (13,09%);

2. Куламбаев Ниязбек Бекжанович – 178 добуш (0,42%);

3. Ибраимова Аселя Раимбековна – 750 добуш (1,78%);

4. Сариев Улан Алмасбекович – 4 746 добуш (11,23%);

5. Толонбаев Таалайбек – 2 006 добуш (4,75%);

6. Осмонов Мирбек Лисбекович – 926 добуш (2,19%);

7. Акимжанова Рысгул Абдыманаповна – 1 298 добуш (3,07%);

8. Баяманов Эркинбек Мусалиевич – 578 добуш (1,37%);

9. Усеинова Нургуль Эмилькановна – 380 добуш (0,90%);

10. Есеналиев Чынгызбек Ырысбекович – 692 добуш (1,64%);

11. Джунусалиев Рамис Майрамбекович – 4 767 добуш (11,28%);

12. Кенжеева Эльмира Жусупбековна – 432 добуш (1,02%);

13. Кыдыров Акай Имаралиевич – 275 добуш (0,65%);

14. Асылбаева Гюльшат Кадыровна – 460 добуш (1,09%);

15. Омурзаков Аманбай Токторович – 994 добуш (2,35%);

16. Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич – 5 316 добуш (12,58%);

17. Кенжебаев Аманкан Батырбекович – 2 957 добуш (7,00%);

18. Аманбаев Бактыбек Абдилашимович – 2 247 добуш (5,32%);

19. Найзабекова Нуржан Байтемировна – 237 добуш (0,56%);

20. Исабекова Гулзат Жумабаевна – 555 добуш (1,31%);

21. Астаркулов Улан Болотбекович – 1 048 добуш (2,48%);

22. Акматов Сталбек Темирбекович – 1 949 добуш (4,61%);

23. Тайгараева Эдита Каныбековна – 1 397 добуш (3,31%);

24. Кубатова Кульира Идрисовна – 254 добуш (0,60%);

25. Раимбачаева Винера Калыбековна – 600 добуш (1,42%);

26. “Баарына каршы” – 1 676 добуш (3,97%).

 № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө  № 19 округдук шайлоо комиссиясына жалпы 1 билдирүү келип түштү. Келип түшкөн билдирүү каралды жана ал  боюнча чечим кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооп берилди.

 № 19 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

Алиев Медербек Кубанычевич;

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 8-декабря

№ 181