№180

4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы №88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

№ 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 74 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 128 348 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 59 193 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 46,12% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 53 809 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 41,93% түздү.

5 384 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 4,20% түздү.

№ 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 11 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 11 талапкер катышты.

№ 4 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Мадмарова Эльнара Абдувалиевна – 3 060 добуш (5,23%);

2. Рустамбек уулу Советбек – 11 899 добуш (20,35%);

3. Эсенбаев Манарбек Байтокович – 2 941 добуш (5,03%);

4. Илязбаев Нурбек Илязбаевич – 3 153 добуш (5,39%);

5. Амиралиев Шабданбек Камалидинович – 9 048 добуш (15,47%);

6. Орозалиева Айгуль Батырбековна – 758 добуш (1,30%);

7. Нарматова Надира Азимовна – 2 278 добуш (3,90%);

8. Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич – 9 996 добуш (17,09%);

9. Алимжанова Нилуфар Якубжановна – 4 264 добуш (7,29%);

10. Мамадумаров Ахмеджан – 2 986 добуш (5,11%);

11. Абдивалиев Артыкбай Турабидинович – 7 827 добуш (13,38%);

12. “Баарына каршы” – 273 добуш (0,47%).

№ 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 4 арыз (даттануу) келип түштү.

Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/.

№ 4 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Рустамбек уулу Советбек;

- Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич;

- Алимжанова Нилуфар Якубжановна.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 8-декабры

№ 180