№176

1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы №88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.

1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 90 шайлоо участогу түзүлгөн.

Округдагы шайлоочулардын тизмесине 136 175  шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 58 316 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 42,82% түздү.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 49 913 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 36,65% түздү.

8403 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 6,17% түздү.

1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 17 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 17 талапкер катышты.

1 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы №1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Жороев Исманали Эгембердиевич – 8 715 добуш (15,12%);

2. Жусупов Аширбай Бапович – 3 243 добуш (5,63%);

3. Токторов Бактыяр Абдинабиевич – 2 018 добуш (3,50%);

4. Айдарова Айгүл Абдисаламовна – 2 763 добуш (4,79%);

5. Каландаров Зарипбек Кабылбаевич – 843 добуш (1,46%);

6. Салимбеков Кенжебек Салимбекович – 1 056 добуш (1,83%);

7. Дуулатова Сайрагүл Садыковна – 412 добуш (0,71%);

8. Набиева Асель Бурхановна – 3 542 добуш (6,15%);

9. Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич – 10 476 добуш (18,18%);

10. Ахмедов Канатбек Абдурашидович – 2 988 добуш (5,19%);

11. Талиева Камила Абдыразаковна – 5 377 добуш (9,33%);

12. Ураимов Алихан Ураимович – 1 557 добуш (2,70%);

13. Дыйканов Максатбек Дыйканович – 2 426 добуш (4,21%);

14. Темирбаева Миргул Омурзаковна – 3 185 добуш (5,53%);

15. Каразаков Жунусбек Абдирашитович – 625 добуш (1,08%);

16. Тагаев Мирлан Конурович – 2 219 добуш (3,85%);

17. Исаев Абдикасыт Абдулакимович – 5 643 добуш (9,79%);

18. “Баарына каршы” – 538 добуш (0,93%).

№1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 15 арыз (даттануу) келип түштү.

Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).

№ 1 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы №1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37,
64-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. №1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. №1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. №1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич;

- Жороев Исманали Эгембердиевич;

- Талиева Камила Абдыразаковна.

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 8-декабры

176